Алматы конок күтүү камын көрүп жатат, Универсиада өтөт.

18 января 2017 18:43 607 Barometr
Поделиться в:
ok

 

 Буйруса келе жаткан аптада Казакстанда өтө чоң спорттук иш чара, тагыраагы дүйнөлүк Универсиада өтөт.  Универсиада маалында Алматыдагы коопсуздукту ИИМ, Улуттук гвардия жана Коргоо министрлигинин жети миңден ашык кызматкери камсыз кылат. Спорттук мелдештердин ачылуу жана жабылуу аземи өтчү күндөрү шаардагы базарлар жабык болот. Бул тууралуу Астанадагы өкмөт жыйынында Алматынын акими Бауржан Байбек билдирди. Алматыда Кышкы Универсиада 29-январдан 8-февралга чейинки аралыкта өтөт. Мелдештерге катышуу үчүн шаарга спорттун 12 түрү боюнча эки миңге жакын спортчунун барары күтүлүүдө. Байбек спорттук 181 мелдештен сырткары Алматы бийлиги тарабынан дагы ондогон башка кошумча иш-чараларды өткөрүү пландалганын кошумчалады. Бүгүнкү күнгө карата Универсиада мелдештери үчүн даярдалган 200 миң билеттин 39 пайызы сатылып бүттү.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content555



Добавить комментарий