Сапар Исаков менен ЮНИСЕФ өкүлдөрү кызматташуу маселелерин талкуулашты

24 августа 2017 12:02 324 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков КРдагы ЮНИСЕФ өкүлү Юкие Мокуо жана ЮНИСЕФтин инновациялар боюнча департаментинин башчысы Крис Фабиан менен жолугушту.

Сапар Исаков Кыргызстан уюмдун ишмердигин жогору баалай турганын, өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлор балдардын укуктарын коргоо тармагына жакшы таасир берип жатканын билдирди.

“Кыргызстанда балдар укуктарын коргоо боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруудагы жемиштүү кызматташууга баа беребиз. Эне жана баланын саламаттыгын сактоо тармагында ЮНИСЕФ программасынын ийгиликтүү ишке ашырылганын белгилеп кетүү керек”, - деди аппарат жетекчиси.

Юкие Мокуо Кыргызстан менен уюмдун ортосундагы мындан аркы тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда тараптар өз ара актуалдуу маселелерди талкуулашты.

  

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5541



Добавить комментарий