Судан: Орусия элчисинин жансыз денеси өз резиденциясында табылды

24 августа 2017 11:44 575 Barometr
Поделиться в:
ok
Орусиянын Судандагы элчиси Миргаяс Ширинскийдин жансыз денеси өзүнүн резиденциясында табылды. Бул тууралуу Франс-Пресс агенттиги билдирди. Al Arabiya телеканалынын булактары элчинин сөөгү бассейнде табылганын кабарлашкан. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.
Бул маалыматты Орусия ТИМи ырастап, бирок дипломаттын өлүмүнүн себептерин билдирген жок.
 
Reuters агенттигинин судан полициясындагы булактары Ширинскийдин ден соолугунда көйгөйлөр болгонун жана ал жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркап келгенин айтышты.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content5540



Добавить комментарий