ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси болуп Эркин Баев дайындалды
Поделиться в:
ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси болуп, милициянын полковниги Эркин Баев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Эркин Баев 1967-жылы 26-майда туулган. Эмгек жолун 1989-жылы ички иштер органдарында милиция кызматкери катары кызмат өтөө менен баштаган. Ошондой эле бир катар жетекчилик кызматтарда иштеп, ИИМдин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгын, ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгын жетектеген.
Ссылка: https://barometr.kg/content5537
Добавить комментарий ×