БШК Төрөбаевди президентикке талапкер кылып каттады. Ал өзүн соцтармакта биринчи болуп куттуктады

24 августа 2017 10:52 421 Barometr
Поделиться в:
ok

 Борбордук шайлоо комиссиясы  парламенттин ”Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери  Бакыт Төрөбаевди президентикке талапкер кылып каттады. Ал төртүнчү номерде болмокчу.

 Белгилей кетсек, буга чейин БШК президентикке талапкер катары-Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов жана Сооронбай Жээнбековдорду каттаган.

 Кечээ, 23-августта БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Төрөбаевге тиешелүү күбөлүктү тапшырды.

 Төрөбаев социалдык түйүндөгү баракчасына колдоочуларына ыраазычылык билдиргенден кийин өзүнө “Бакыт Эргешович куттуктайм!,-деп жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/content5536



Добавить комментарий