24-августтан 26-августка чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы
Бүгүн, 24-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлерде жана Алай өрөөнүнүн батыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29; Талас аймагында түнкүсүн +5...+10, күндүз +23...+28; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +27...+32; Баткен дубанында түнкүсүн +12...+17, күндүз +28...+33; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +18...+23; Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +20...+25;
Бишкек шаарында 24-26-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12...+14, күндүз +27...+29 градус ысык болот.
Ал эми 25-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлерде жана Алай өрөөнүнүн батыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөйи. Бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ссылка: https://barometr.kg/content5535
Добавить комментарий ×