Кыргызстандык мигрант россиялык актер Алексей Петренконун кызынын атасы экенин айтты

23 августа 2017 15:20 337 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кыргызстандык мигрант Улукбек Сулайманов Россиянын ОРТ каналынын "Мужское/Женское" берүүсүндө Алексей Петренконун кызы Меланиянын биологиялык атасы экенин айтты.

 Анын айтымында, ал Мелениянын апасы Азима менен жарандык никеде жашаган.

“Мен кызымды акыркы жолу үч жашка чыккандан көрдүм, анын аты Мелания эмес Алия. Кыздын апасы менен байланыш үзүлгөнүнө жети жыл болду. Мен аны таппай калгам. Андан кийин мени аталык укуктан ажырата турган докмунеттерди алдым”,-дейт Сулайманов.

Ошондой эле эфирге Сулаймановдун туугандары жана кошуналары чакырылган, алар Азима менен Алия Улугбек менен Кыргызстанда жашаганын тастыкташты.

Сулайманов ага Петренконун мурасынын кереги жок экенин, болгону аталык укугун кайтарып берүүлөрүн талап кылып жатканын ачык айтты.

Белгилүү болгондой 22-февралда Россиянын белгилүу актеру Алексей Петренко көз жумган. Анын жерге берүү зыйнаты чатак менен коштолгон, актердун жесири биринчи кызы Полинаны тажияга келтирбей койгон.

Жаңы чатак жарым жылдан кийин мураскорлор актердун байлыгын бөлүшө баштаганда чыкты. Чатак ырбап жаткан учурда  бишкектик жумушчу Улукбек Сулейманов 10 жаштагы Мелениянын чыныгы атасы экенин айтты.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5517



Добавить комментарий