Токмокто болгон кырсыктан айлоочу көз жумду
Поделиться в:
Бишкек - Торугарт унаа жолунун 57-чакырымында жол транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Ауди-80» жана «Фольксваген Пассат-Б-3» бетме-бет сүзүшкөн, «Ауди-80» унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде көз жумду.
Экинчи айдоочу катуу жаракат алып Токмоктогу аймактык ооруканага жеткирилди. Анын ким экени такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content5499
Добавить комментарий ×