23-августта Кыргызстанда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

23 августа 2017 10:54 493 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 23-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +23...+28; Талас аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27; Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +16...+21;Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25;

Бишкек шаарында 23-25-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +26...+28 градус ысык болот.

Ал эми 24-августта жана 25-августта түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5493



Добавить комментарий