Индиядан Бишкекке миллион доллар алып келе жаткан аялдын баш коргоо чарасы каралат

23 августа 2017 09:52 312 Barometr
Поделиться в:
ok

 Индиядагы Кыргызстандын элчилиги Индира Ганди атындагы эл аралык аэропорттун бажы кызматы менен байланышты. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Айымкан Кулукеева билдирди.

“20-августа Индиянын Дели шаарынын аэропортунда Бишкекке учуп бара жаткан 1965-ж. туулган Зухра Б. аттуу кыргыз жараны ири суммадагы акча менен кармалган. Бугун, 22-августа ал жараныбыздын баш коргоо чарасын чечуу учун алгачкы соттук отурум болуп жатат. Сотко Элчилик тарабынан ишке тартылган Индиянын Жогорку сотунун жактоочусу жана элчиликтин кызматкери катышып жатат. Кошумча маалымат алганда, дагы кабарлайбыз.”,-деп жазды Кулукеева өзүнүн соцтүйүндөгү баракчасына.

Эскерте кетсек, Индиянын Дели шаарындагы аэропорттон сумкасына 1 миллион доллар салып келе жаткан кыргызстандык кармалган.  

Нью-Делинин аэропортунда кармалган аял Индиянын борборунан Бишкекке  “Air Manas" авиакомпаниясы аркылуу учмакчы болгон Аялдын аты-жөнү Балтабаева Зухра, 56 жашта. Аялдын капчыгынан жана сумкасынан 66 миң доллар табылган. Ал эми анын жүгүн текшерген учурда 1 млн 41 миң 290 доллар алып келе жатканы аныкталган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5487



Добавить комментарий