Бишкекте эркек кишини жер төлөдө зордуктап жаткан эркек кармалды

23 августа 2017 09:44 2122 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бишкек шаарындагы Ош базарынан анча алыс эмес жерде башка эркектин зордуктап жаткан киши кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан сайтынын кабарчысына укук коргоо органдарындагы жеке булактар кабарлашкан.

 Окуя 19-августта турак үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө болгон.

“Жер төлөдө эркек киши уктап жатканы белгилүү болгон. Зордукчу ага келип зордуктай баштаганда аны көргөн үйдүн тургундары милицияга кабарлашкан. Укук коргоо органдары зордукчуну “иш үстүндө” кармашты”,-деп билдирди маектеш.

 “Жабырлануучу арыз жазган жок, ошондуктан кармалган адамды кое беришти. Ал Жалал-Абад областынын Токтогул районунун 33 жаштагы тургуну экени аныкталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5485



Добавить комментарий