MegaComдун 100 пайыз акциясына сатып алуучу табылды. Бирок кардар бааны 5 жылда төлөп бергиси келет

22 августа 2017 15:06 792 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 22-августта болгон басма сөз жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков "Альфа Телеком" ЖАКнын 100 пайыз акциясын сатып алуучу кардар табылганын айтты, бирок ал каражатты 5 жылда төлөп кутулгусу келет.   

Анын айтымында сатып алуучу акцияны 13 млрд сомго сурап жатат. 

“Беш жылда төлөп берүүнү убада кылууда”,-деп айтты Казакво, мыйзам боюнча уюлдук оператордун акциясын мындай шартта сата албасын кошумчалоо менен, тактап айтканда мыйзамда мамлекеттик компаниялардын акцияларын кийин төлөө жолу менен сатыкка коюу каралган эмес.

 Казаков Мамлекеттик мүлктү башаруу фонду компаниянын акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алганын жана 25-сентябрдан баштап билдирме кабыл алынарын билдирди. Акциянын баштапкы баасы 13,5 млрд сом.

Баардык соттук иштерди инвестор өзү төлөөгө тийиш.

Ссылка: https://barometr.kg/content5466



Добавить комментарий