Кыргызстандын көк-бөрү боюнча курамасы Өзбекстанды жеңди
Поделиться в:
Казакстандын Астана шаарындагы «Казанат» ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн, 22-августта кыргызстандык көк-бөрүчүлөрдүн Өзбекстан менен беттеши аяктады. Жыйынтыгында кыргызстандык улакчылар 11:02 эсебинде жеңишке жетишти. Эми Кыргызстан Түркия менен эртең 23-августта оюн өткөрөт. Беттеш саат 10дө башталат.
Кечээ 21-августта көк бөрү боюнча улуттук команда Монголия менен беттешип 4:0 эсебинде жеңишке жеткен болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/content5464
Добавить комментарий ×