Ислам Сатаров, продюссер: «Киркоровдун Кремлде болчу ушул эле концерттин баасы 10 000 рублдан башталат»

18 января 2017 15:04 387 Barometr
Поделиться в:
ok

-Ислам мырза, Россиянын гана эмес дүйнөнүн сахнасын өзүнүн керемет үнү менен багындырган Флипп Киркоровду чакыруунун максаты эмнеде? Акча табуу болбосо керек...

-Кыргызстанга чет элдик ырчыны таап акча табууну көздөө  азыркы учурда фантастика. Биздин эле ырчылар спорт ордосуна концерт койсо карыз болуп калышат. Азыркы күнгө чейин тойго иштеп дагы ошол карыздарынан кутула албай жүрүшөт. “Гамма медиа” компаниянын максаты  биздин солгундап бара жаткан маданият чөйрөсүн өзгөртүү. Союз маалында карасак  кино жаатында алдыңкы орунду бербептирбиз.  Азыркы биздин  максат Орто Азия өлкөлөрүндөгү эң таланттуу жаштарды  алып чыгуу. Анткени биздин жаштардын арасында таанышы  жок болсо деле  Кайра Примбердиев сыяктуу таланттуу ырчылар  эл арасынан чыгып келе жатышат. Себеби биз   Киркоровго окшогон ырчыларды чакырып,  кыргыздын салтын маданиятын сиңирип турсак, келечекте түрк элиндеги Таркан сыяктуу кыргыз тилин жана  ырларын алып чыгууга жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Флипп Киркоров  бул биринчи концерт эмес. Он жылдан бери  көптөгөн дүйнө жылдыздары менен иштешип келе жатабыз. Бул концерттин өзгөчөлүгү  дүйнөдөгү шоу индустриядагы  акыркы жетишкендиктер менен коштолот. Жүздөгөн бийчилер, 120 кишини алып келип, алып кетип тамак ашын берип багыш керек, темир тезек ары эле турсун. Темир тезек демекчи жашаган бөлмөсүнүн абасынын нымдуулугунан,  аарчына турган сүлгүсүнүн өңүнөн бери  баары камтылып контракт  түзүлөт. Азыр Флипп Киркоров мурдагы Киркоров эмес.  Жыл арытпай келе берчү ырчы эмес.  Бул киши Франко Драгони деген дүйнөлүк  атагы чыккан  режиссёр бар. Бул атактуу дүйнөгө белгилүү Цирк  доселеринин 12 программаларын жасаган. Мындан тышкары  Селен Диондун  Лас Вегастагы  шоусун жасап, уюштуруп  дүйнөлүк шоу бизнести  башка жаңылыкка бурган киши катары  Дженифер Лопес,  Тони Тесто, Бритни Спристер менен иштеген.  Орусия боюнча кастинг болуп бир жарым миң кишинин арасынан  75 кишини тандап алган. Ошол бийчилердин коштосунда шоу өтөт.  «I MAX» экрандары коюлат. Кыргызстанга жакынкы он жыл аралыкта мүмкүнүлүгүбүз жок үн берүүчү аспаптар, концерт берип жатканда сахнага берилчү түтүндүн алты жети түрү келгени жатат.  Биздин 45 жылда мурун  курулган спорт ордосун  башкача декорацияда жасайбыз. Тагыла турган  декорациянын салмагы 80 тонна болот.  Концерттин баасы арзан болуп жатат. Флипп Киркоровдун Кремлде болчу ушул эле концерттин баасы 10 000 рублдан башталат. Бизде болсо баасы 3 эсе арзан.  Концерт өзүн  акташы такыр мүмкүн эмес.  Кээ бир учурларда рекламалык каражаттарды чоң компаниялардан суранып жатабыз. Баарын тыйынсыз, өзүбүздүн күчүбүз менен жасап жатабыз. Жардам берген, кеңешин айткан байкелерибиз бар. Аларга чоң ыраазычылык билдирип кетебиз.  Ушундай маданият үчүн күйгөн агаларыбыз бар экен, мамлекет гүлдөп жатат.

-Билеттердин сатылуусу  жакшы элеби?

 -Кыргызстанда  концерт болоордон 15 күн мурда сатылып баштайт. Биз рекламаны эрте коё бергенибиз үчүн 20% сатылып кетти. Алдыда 40 күндүн тегерегинде убакыт бар. Билеттер толук эле сатылат деп ойлойм. Дагы деле айта кетчү нерсе той деген жакшы. Тойго ырдап жүрүп ырчыларыбыздын маданияты түшүп кетти.  Эт жеп тамак ичип жатканда  ырчылар жандарында ырдап жүрөт. Жанынан көргөн ырчынын концертине эч ким  билет сатып алып Спорт ордосуна же  Филармонияга келбейт.  Акыркы жылдары  жакшы концерттер такыр коюлбай калды.  Эгер биз ушул концертти жакшы өткөрүп алсак, келечекте  жакшы пландарыбыз көп.  Айла жок залыбыз  кичине болсо да жасап атабыз. Негизи мындай шоу 15 миң киши чогулган чоң залдарда өтөт. Биздин спорт ордосуна 2 миң гана адам батат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content546



Добавить комментарий