Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетти
Поделиться в:
Бүгүн, 21-августта болгон өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотконун расмий жарыялады.
Жээнбеков мындай чечимди шайлоо алдында кызматтык абалынан пайдаланды деген сөздөр болбош үчүн кабыл алганын айтты.
"Шайлоо маселеси, менин талапкерлигимди мамлекет башчылыгына көрсөтүү жана менин өкмөт башчы болуп турушум саясатташып жатат. Ошондуктан кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым”,-деди Жээнбеков.
Премьер-министрдин милдеттери биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиеваге жүктөлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/content5424
Добавить комментарий ×