Ашхабадда кайрадан көп кабаттуу үйлөрдөн кондиционерлерди алышууда
Ашхабад бийлиги көп кабаттуу үйлөргө орнотулган желдеткичтерди жапырт алууда. Борбор калаанын тургундарынын айтымында, учурда атайын унаалар шаар аралап кондиционерлерди демонтаж кылууда.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, Ашхабад бийлиги желдеткичтерге каршы чара көргөнү менен аптаптуу ысыкка байланыштуу жашоочулар аларды кайрадан орнотуп алышууда.
“Жергиликтүү бийлик демонтаж кылганы менен үпкө чыдоо мүмкүн эмес. Балдар ыйлап жатат. Ошондуктан салкындаткычтарды кайрадан орнотууга туура келүүдө. Бул үчүн 200-300 манат төлөйбүз”, -деди Мир-4 районунун жашоочуларынын бири.
Үч жыл мурун жергиликтүү бийлик шаардын көркүн бузууда деп кондиционерлерди жапырт алып таштаган. Бул жашоочулардын нааразылыгын жараткан. Мындан соң аткаминерлер бир үлгүдөгү сплит-системаларды орнотуп беришерин айтышкан, бирок азыркыга чейин убадаларын аткарыша элек.
Ссылка: https://barometr.kg/content5416
Добавить комментарий ×