КСДПнын мүчөлөрү Сапар Исаковду өкмөт башчы кылбоону Атамбаевден өтүнүшөт

21 августа 2017 10:01 912 Barometr
Поделиться в:
ok

 КСДП саясий партиясынын мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевдин атына мамлекет башчысынын аппарат жетекчиси Сапар Исаковду өкмөт башчылыкка талапкер кылбоо тууралуу кат жазышты.

 Кайрылуу ошондой эле парламент депутаттарына дагы багытталган.

Ачык катта Исаков 2010-жылы 7-апрелде Бакиевдер менен иштешип турганын жана өкмөт башчы болууга моралдык укугу жок экени айтылат.

 “Сапар Исаков бул кызматка татыктуу болууга өсө элек”,-деп айтылат катта.

Эскерте кетсек, 18-августта Кыргызстандын техникалык өкмөт башчысы Сапар Исаков болоору айтылган.

barometr.kgге жеке булактардан кабарлашкандай, жаңы өкмөттүн курамын өзгөртпөө сунушталды.

Маектештин айтымында, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышып жаткандыгына байланыштуу 21-августта өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий токтотот жана КСДП Сапар Исаковду өкмөт башчылыкка сунуштайт. Андан кийин парламент добуш берүү менен  бул тууралуу маселени чечет.

Жаңы өкмөт техникалык болот, тактап айтканда анын миссиясы-шайлоо өткөрүп, андан кийин жаңы өкмөттү түзүү.

Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5404



Добавить комментарий