Басмаканадагы өрт боюнча өкүмгө каза тапкандардын туугандары макул эмес

21 августа 2017 09:53 433 Barometr
Поделиться в:
ok
Москвада басмаканада чыккан өрттөн каза тапкан кыргызстандык кыз-келиндердин туугандары өкүмдү даттанууну пландашууда. Алар сот ишкананын жетекчилигине жумшак жаза берди деп эсептешүүдө. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, адвокат арыз берүүгө камданууда, элчилик болсо трагедия курмандыктарынын жакындарына компенсация төлөтүп берүү иштерин алып барууда.
Орусиянын борборунун Бутурский райондук сотунун 18-августтагы өкүмүнө ылайык, “Печатный экспресс” басмаканасынын башкы директору Сергей Москвин 2,5 жылга, башкы инженери Антон Яцков 3,5 жылга жатак абакка кесилген.
 
“Печатный экспресс” басмаканасында былтыр 27-августтун таңында болгон өрттөн 17 адам, анын ичинде Кыргызтандын 14 жаранынын өмүрү кыйылган. Курмандыктардын баары кыз-келиндер эле, алардын биринин боюнда болгон.
Буга чейин аталган басмакана жана анын башкы директору 6 миллион рубль айыппул төлөй турганы кабарлаган.
Өрттөн курман болгондордун туугандары өкүм менен макул болушкан жок.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content5402



Добавить комментарий