Курман айт майрамына байланыштуу 1-сентябрь эс алуу күнү деп жарыяланды
Поделиться в:
Мусулмандардын Курман айт майрамына байланыштуу 1-сентябрь Кыргызстанда эс алуу күнү деп жарыяланды. Бул туурасында бүгүн, 18-августта Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда министрликтин мындай чечими Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгынан 2017-жылдын 16-августунда келген катка ылайык чыгарылган.
Анда Курман айт күнү такталганы жазылат.
Ссылка: https://barometr.kg/content5363
Добавить комментарий ×