Балдардын шоктугунан өрт чыгып, сарайдагы чөп күйдү

18 августа 2017 13:37 519 Barometr
Поделиться в:
ok

Кочкор районунда жаш балдардын шоктугунан өрт чыгып, сарайда жыйналып турган чөптөр күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматты боюнча, 17-август күнү саат 14:15 чамасында аталган райондун Тендик айылында балдардын шоктугунан өрт чыккан. Анын кесепетинен ачык аянтта 150 түк чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин 42-өрт-куткаруу бөлүмүнүн 1 бөлүм тартылган.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5357



Добавить комментарий