Москвада 14 кыргызстандык кыз каза тапкан басмакананын директору 2,5 жылга кесилди
Москванын Бутырский соту Алтуфьевский шоссесинде жайгашкан «Печатный экспресс» басмаканасынын башкы директору Сергей Москвинди эки жыл алты айга абакка кести. Өткөн жылыбасмаканада болгон өрт кырсыгында 17 адам каза тапкан эле. Бул тууралуу «Москва» шаардык жаңылыктар агенттиги кабарлады.
Сергей Москвинди айыптуу деп таап эки жыл алты айга эркинен ажыратып, абакка кесүү жөнүндө өкүмдү судья Юлия Шелепова окуп берди.
Сот ошондой эле 575 рублди жабырлануучуларга өндүрүп берүүгө өкүм чыгарды.
Эскерте кетсек, 2016-жылы август айында басмаканада болгон өрттөн 17 кыз каза тапкан, анын ичинен 14ү кыргызстандык, үчөө Россиянын жараны болгон.
Ушул жылдын апрель айында Москвин айыбын толук мойнуна алган.
Ссылка: https://barometr.kg/content5352
Добавить комментарий ×