Леонид Маевский: Текебаевдин мүлкүн конфикациялагандан кийин 1 млн долларды мага кайтарып беришет
Ишкер, бир катар телекоммуникациялык компаниялардын акцияларынын ээси Леонид Маевский «Ъ» булагына “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата чыгарылган сот чечимине комментарий берди.
kommersant.kg сот Текебевди мүлкүн конфикациялоо менен, коррупцияга айыптап сегиз жылга эркинен ажыратууга чечим чыгарганын кошумчалады. Бул ишке доо арыз берген - Леонид Маевский.
“Мен чечимдин өзүнө комментарий бере албайм”,-деп айтты Маевский "Ъ" булагына.- Ал адилет сот чечиминин өкүмү. Мага кайтарылган акчаны ( 1 млн долларды Леонид Маевский 2010-жылы MegaComду сатып алууга колдоо көрсөтүү үчүн бергем деп жатат-''Ъ'') КРнын өзүндө кайрымдуулукка жумшоону пландап жатам”,-деп айтты ал.
Ошол эле маалда Леонид Маевский 1 миллион доллар Текебаевдин мүлкү конфикациялангандан кийин ага кайтарыларын ырастады.
Ишкер сот процессинде жактоочулардан баш тартуу менен өзү сүйлөгөнүн кошумчалады. Сот жыйынына ал бир ирет 29-июнда гана келген. “Башка учурда мени чакырышкан жок”,-деп айтты ишкер.
Леонид Маевский бул процессти коммерциялык мүнөздө болуп, эч кандай саясатка тиешеси жок экенин эскертип өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/content5338
Добавить комментарий ×