Казакстандын чек арачылары маралга аңчылык кылган эки кыргызстандыкты кармады
Казакстандык чек арачылар Алмата облусунун аймагында маралга аңчылык кылган Кыргызстандын эки жаранын кармашкан. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн чек ара кызматынын сайтында кабарланган.
Кармалгандардын “Тигр” маркасындагы куралы 26 даана ок-дарысы менен, “ТОЗ” курал 13 даана ок-дарысы менен, бүктөмө бычак жана дүрбүсү алынган.
Ошондой эле, 3-4 күндүк тамак-ашы, аңчылык буюмдары – атайын кийим, аркан, кап ж.б. алынган.
Кармалгандар аңчылык кылып жүргөндөрүн моюндарына албай, Казакстандын аймагына мал издеп жүрүп, адашып келип алгандарын, куралдарды жапайы жаныбарлардан коргонуу үчүн алып жүрүшкөнүн айтышкан.
Кыргызстандыктар Ысык-Көл облусу менен чектеш Казакстандын Райымбек районунда кармалышкан. Бул факт тууралуу кыргыз тарапка маалымат берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/content5311
Добавить комментарий ×