Сокулуктагы сойкуканалар, патрулдук милицияга кыйын болгон айдоочулар

17 августа 2017 13:48 578 Barometr
Поделиться в:
ok

 Сокулуктагы сойкуканалар, патрулдук милицияга кыйын болгон айдоочулар тууралуу ktrk.kg сайтындагы “Телекүзөт” долбоорунун видео сюжетинде айтылат.

“Патрулдук милициянын кызматкерлери менен айдоочулардын ортосундагы кайчылаш пикирлер Интернет булактарында буга чейин кеңири таралып, кызуу талкууга алынып келген.Жарандар уюлдук телефондоруна инспекторлордун мыйзам бузгандарын таап чагылдыруу менен бирге эле өздөрүн да тааныткандары бар. Биз сөзүбүздү бекеринен бул видео тасмалардан баштаган жокпуз.Үстүбүздөгү жылдын 12-август күнү Телекүзөттүн чыгармачыл тобу Сокулук районунун патрулдук милициясынын кызматкерлери менен биргеликте рейддге чыгып мыйзамды инспектордон жакшы билем деген айдоочуга туш болдук. Кадрларда айдоочу бир эмес бир нече суроолорду узатып тиешелүү жооп ала албаган соң документти, айдоочулук күбөлүктү көрсөтпөйм деп унаасын айдап кеткенин көрсөңүздөр болот. Айдоочу аша чаптыбы же кандай болгонуна  укуктук териштирүүдөн кийин баа берилет”,-дейт кабарчы.

Ал эми видеонун экинчи сюжетинде Сокулук районунда болуп жаткан көрүнүштөр чагылдырылат. “Баарынын сыртында бажырайып мончо, конок үйү деп жазылып турганы менен ичинде такыр башка кызматтар тактап айтканда сойкукана иштейт.Ушул жылдын 20 июнуна баштап Сокулук районунун жаштары биригип аймакта болуп жаткан терс көрүнүштү жөнгө салуу максатында райондук күч органдары жана жергиликтүү бийликтин жардамынын аркасында Сокулуктагы сойкулукту жоюуга бел байлашкан. Крупская айылык кеңешинин депутаты Марс Акчаловдун айтымында “Райондук атына доо кетип Сокулук району эмес  сокулук району деген атка конуп калды”.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5307



Добавить комментарий