Адвокат: Текебаев менен Чотоновго мунапыс кабыл алынды, 8 жылдык мөөнөт 4,5 жылга чейин кыскартылды
«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновго карата мунапыс колдонулду алардын жаза мөөнөтү 8 жылдан 4,5 жылга чейин кыскартылат. Бул тууралуу barometr.kgге Текебаевдин жактоочусу Искен Афидажанов кабарлады.
“Биринчи май райондук сотунун судьясы Текебаев жана Чотоновго карата өкүмдү окуп жатканда мунапыс колдонуларын жана абак мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартыларын айтты”,-дейт жактоочу.
Афиджановдун айтымында, соттолгондордун УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жаткан мөөнөтү дагы эсепке алынат.
Жактоочу Текебаевге карата чыгарылган чечимге макул эмес ал 10 күндүн аралыгында шаардык сотко арыз берүүгө ниеттенип жатат.
Эскерте кетсек, 16-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылдан эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп баалап, өздөрүнүн актыгын айтып келген
Ссылка: https://barometr.kg/content5305
Добавить комментарий ×