Текебаевдин тарапкерлери судья Айбек Эрнис уулун каргашты

17 августа 2017 12:09 491 Barometr
Поделиться в:
ok

Биринчи май райондук сотунун парламенттик “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана  мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго  чыгарган өкүмдү угузгандан кийин сот залында отургандар нааразы болуп Айбек Эрнис уулун каргашты.

 Тарапкерлер судьяга “Уят!”деп кыйкырышты. Аялдардын бири мыйзамга каршы чечим чыгарып жаткан судьяга наалат айтты.

 Текебаев дагы милиция кызматкерлери аны жыйындар залынан алып кетип жатканда бир нече сөз айтып үлгүрдү.

Эскерте кетсек, 16-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылдан эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп баалап, өздөрүнүн актыгын айтып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/content5303



Добавить комментарий