Текебаев менен Чотоновго ар бирине сегиз жылдан чегерилди

17 августа 2017 09:51 451 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылдан эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Андан сырткары судья прокуратуранын алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деген да өтүнүчү канааттандырды.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Судья белгилегендей, "Кыргыз Республикасынын 2014-жылдагы БУУнун Адам укуктары декларациясынын 65 жылдыгы жөнүндө" мыйзамына ылайык Текебаевге чегерилген жаза мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылат.

26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп баалап, өздөрүнүн актыгын айтып келет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5288



Добавить комментарий