Жээнбеков: Өзбекстан менен жылуу коңшулук мамилелерди өнүктүрүү – биздин артыкчылыктуу багыттардын бири

16 августа 2017 17:29 402 Barometr
Поделиться в:
ok

  Бүгүн, 16-августта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны башталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өтүүдө. Жыйын башталышынан алдын эки өлкөнүн Өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу өттү.

«Сиздер менен жолугушканыма абдан кубанычтамын. 2017-жылдын 4-июлунда Өзбекстандын жарандарынын Ысык-Көлдө ыңгайлуу эс алуусуна шарт түзгөн «Ташкент – Тамчы» түз авиа каттамы ачылганын белгилей кетүү керек. Өзбекстан Республикасы менен жылуу коңшулук мамилелерди өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган эки тараптуу мамилелердин автивдешүүсүн кубануу менен белгилейм. Эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны акыркы жолу 2009-жылы өткөрүлгөн. Өкмөттөр аралык комиссия эки тараптуу мүнөздөгү бардык маселелерди талкуулоо үчүн жакшы аянтча болуп саналат», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповго кайрылып.

Ошондой эле бүгүн, 16-августта, эки тараптуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны аяктаган соң, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт.

  

Ссылка: https://barometr.kg/content5276



Добавить комментарий