Нурканбек Керимбаев “Кабар” агенттигинин орун басары кызматынан бошотулду

16 августа 2017 12:49 587 Barometr
Поделиться в:
ok

Нурканбек Керимбаев  берген арызынын негизинде “Кабар” агенттигинин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка  президент Алмазбек Атамбаев кол койду.     

Керимбаев өзү социалдык түйүндөргө:

“Урматтуу достор! Менин Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директорунун орун басарлык кызматынан ѳз ыктыярым менен бошотуу тууралуу арызыма ѳлкѳ башчысы кол койду. Мүмкүнчүлүктѳн пайдаланып, былтыр бул кызматка ишеним артып дайындаган президентибизге тереӊ ыраазычылык билдирем. Бир жылдын ичинде Кубанычбек Таабалдиев баштаган «Кабардын» эмгек жамааты менен жакшы кызматташтык. Мени ар тараптан колдогон Кубанычбек Абдименовичке жана «Кабардын» эмгек жамаатына тереӊ ыраазымын. Мындан ары дагы тыгыз мамиле уланат деп ишенем. «Кабарчыларга» чыгармачылык ийгилик каалайм. Амандыкта жолугушуп жүрѳ берели. Башкысы, Кыргызстаныбыз тынчтыкта болсун!”,-деп жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/content5255



Добавить комментарий