Бишкектин борборунда "Хонда" менен "Тойота Лендкрузер" кагылышты
Поделиться в:
Бишкектиги Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүндө бүгүн, 16-августта саат 03.30дар чамасында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Жол кырсыгында "Хонда" менен "Тойота Лендкрузер" кагылышкан.
Кырсыктан 1993-жылы туулган «Тойота» унаасында отурган жаш жигит жабыр тартты.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар ага алгачкы жардам көрсөтүшүп, тез жардамга салып беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/content5254
Добавить комментарий ×