Өзбекстандын Карши шаарындагы газ куюучу станцияда жарылуу болду
Поделиться в:
15-августка караган түнү Өзбекстандын Карши шаарындагы газ куюучу станциянын жанында суюлтулган газ ташыган автоунаа жарылды.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Kun.uz интернет-басылмасы облустук ички иштер башкармалыгына шилтеме кылып, жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 00:15те «Узтрансгаздын» Карши-Бешкент унаа жолунда жайгашкан газ куюучу жайында суюлтулган газ ташыган унаа жарылганын жазды.
Болжолдуу маалыматтар боюнча кырсык техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам болгон.
Жарылуудан кийин унаанын 28 жаштагы айдоочусу ооруканага жеткирилгени кабарланууда. Расмий маалыматтарга ылайык, каза болгондор жана жаракат алгандар жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content5237
Добавить комментарий ×