Милиция уурулук кылган топту колго түшүрдү

15 августа 2017 12:30 343 Barometr
Поделиться в:
ok

Милиция уурулук кылган топту колго түшүрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылып, подъездден 16 500 сомдук “Гэлакси” үлгүсүндөгү велосипедин белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.

Ушул сыяктуу арыздар менен Бишкек шаарынын 4 жараны подъездден баасы 16 000, 17 000, 12 000 жана 26 000 сомдук велосипеддерин белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткенин айтып милицияга кайрылышкан.

Свердлов райондук ИИБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип 1999-жылы туулган А.Э. жана 2000-жылы туулган К.Т. аттуу жарандар кармалган. Иликтөөнүн жыйынтыгында кармалган жарандар жогорудагыдай 13 кылмышка тиешеси бар экендиги белгилүү болгон.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш ишин козголгон. Тергөө иштери уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content5213



Добавить комментарий