Президент Атамбаев менен Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү
Поделиться в:
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Президентти аппараттынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, анда тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын жана алдыдагы пландар боюнча сүйлөшүштү.
Мамлекет башчылары Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациясына болгон мамлекеттик иш сапарында жетишилген сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты.
Мындан тышкары, руспубликада өткөн эл аралык “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумунун” жыйынтыгы боюнча пикир алышышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content5201
Добавить комментарий ×