Чүй өрөөнүндө силкинүү күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

15 августа 2017 10:41 441 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарына жакын аймакта жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:33 чамасында жер титирөө катталган. Анын күчү 3 баллга жетип, очогу Арпа-Тектир айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышта, Кегети айылынан 14 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Калктуу пункттарындагы жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү: Арпа- Тектир айылында– 3 баллга жакын, Кегети айылында - 2,5 баллга чейин жеткен.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5200



Добавить комментарий