Москвада теракт уюштурууга шектелгендер кармалды

15 августа 2017 09:56 500 Barometr
Поделиться в:
ok

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москвада террорчул топ колго түшүрүлгөнүн билдирди. "Интерфакс" агенттиги кабарлагандай, бул топ баш калаанын соода борборлорунда теракт уюштурууга даярданган деп шектелүүдө.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган төрт кишинин үчөө -тажик жарандары. Жардыруучу затты мыйзамсыз алып жүргөн деп айыпталган бул кишилердин бири күнөөсүн мойнуна алганы кабарланды. Сот аларды эки айга камакка алды.Төрт адамдын бири Орусиянын жараны экени белгилүү болду. Бирок анын баш коргоо чарасы тууралуу азырынча маалымат жок.

Орусиянын атайын кызматы кармалгандардын арасында тыюу салынган "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун эмиссары, жардыргыч зат жасоочу адис жана эки "жанкечти" бар деп кабарлады.Апрель айында 14 адамдын өмүрүн алган Санкт-Петербургдагы жардыруудан бери Орусиянын аймагында теги борборазиялык кеминде 17 адам кармалды. Тергөөчүлөр Кыргызстанда төрөлүп, орус жарандыгын алган Акрам жана Аброр Азимовдорду теракттын негизги уюштуруучулары катары көрсөтүп келет. Азимовдор кармалганга чейин ФСБнын жашыруун түрмөсүндө кыйноого кабылганын айтып жатышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5193



Добавить комментарий