Эки аял алуу, сойкулук, кайчы пикирлер...
Эки аял алуу, сойкулук, кайчы пикирлер...
Дин ишмерлери тарабынан көтөрүлгөн эки же андан көп аял алууга мыйзамдуу түрдө уруксат берүү демилгеси коомчулукта өзгөчө талаш-тартыштарды пайда кылууда. Ушул маселенин тегерегиндеги айтылып жаткан ой-пикирлер жаатында ар тараптуу изилдөө жасоого barometr.kg аракет кылды.
25 жаштагы Айзирек учурда бир жаштан ашкан уулу менен ата-энесинин камкордугу астында жашап жатат. Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгон бул келин турмушка өз каалоосу менен, күйөөсүн жактырып чыккандыгын баяндап жатып: “Мен жолдошумду бир көрүп эле жактыргам. Ошондуктан анын мурда аял алып ажырашканы жана эки баласын өзү багып жатканына карабастан турмушка чыгууга макулдугумду берген болчумун”,-дейт. Айзиректи күйөөсү экөөнү жеке эле жактыруу эмес, ислам динин тутунуудагы бирдей көз караш дагы бириктирген. Күйөөсүнүн ыраазычылыгын табууну ниет кылган келин эки балага өз мээримин төгүп өстүрүүгө аракет кылып жүргөндө дагы бир кубанычка бөлөнүп, кош бойлуу болуп калгандыгын билет. Айы-күнү жакындап калган учурда ал капыстан жолдошунун телефонуна келген билдирүүнү окуп калат. “Мен күйөөмдүн телефонун текшерчү деле эмесмин, андай нерсе мага жат көрүнүш эле. Бирок, ошол күнү бир маанилүү иш менен күйөөм экөөбүз бирөөдөн кабар күтүп жаткан элек. Жолдошум сыртка чыгып кеткендиктен келген билдирүүнү ачып алып көргөн көзүмө ишене албай калдым. Бул менин күйөөмдүн экинчи аялынан келген каты экен, анда анын дагы ай-күнүнө жетип төрөөрүнө аз калгандыгы, күйөөмдү күтүп жаткандыгы жазылыптыр. Мен өзүмдү жоготуп, ызаланып, урушуп үйдөн чыгып кеттим”. Бул окуядан кийин күйөөсү ага бир канча жолу келип, “мен сага талак бербейм, мен экөөң менен тең жашайм” деген сөздөрү таарынычы, кызганычы аралаш, ызага муунган келиндин жүрөгүн жибите алган эмес. Көп өтпөй Айзирек уул төрөсө, күйөөсүнүн экинчи аялы кыз төрөгөн. “Ушул кезге чейин уулумду көрсөт, мен сени менен ажырашпайм, экөөңдү (эки аялын) тең бага аламын деп келип жүрөт. Бирок, баланы такыр көрсөткөн жокмун. Ата-энем бар, жаша дешет, бирок мен кечире албай келем”,-дейт келин.
“Динде жашабагандар деле чоң кызматка жеткен соң экинчи аял алышат”
“Сезим” кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова эки аял менен жашап, бирок биринчи аялын кордогон эркектер арбын кездешерин белгилейт. “Мен эки же андан көп аял алуудан көбүнчө биринчи аялдары жабыркаган учурларга күбө болуп келем. Жакында эле бизге 7 баланын энеси болгон 38 жаштагы аял кайрылды. Анын айтымында, алар шарияттын тартиби менен жашап, исламга тиешелүү бардык ибадаттарды аткарып келишкен. Күйөөсү дагы экинчи аял алам дегенине макул болуп, бирок учурда анын запкысын тартып жатканына кейип: “Бизге күйөөм адилеттүү мамиле жасай албай жатат. Өзгөчө мени кордоп, кемсинткен учурлары көбөйдү. Экинчи аялы дагы мага телефон чалып алып, эми ал сени жакшы көрбөй калды, сени таштады деп менин жүрөгүмдү оорутуп уруш чыгарып турат. Балдарымдын улуулары деле чоңоюп калышты, эки чоң уулум апа ажырашып эле алыңыз, бизге мындай атанын кереги жок деп ызаланып жатышат. Менин оюмча экинчи аял алыштын кажети деле жок эле, Кудайга шүгүр жети балабыз бар, дагы эле төрөп бер десе төрөмөкмүн”,-дейт ыйламсыраган келин. Бул жерде аялдардын экономикалык жактан көз карандылыгы дагы чоң роль ойноп жатат. Адатта, динде жашабагандар деле чоң кызматка жетип, байыган соң жашыраак аял алганга аракет кылышат. Жаштайынан баш кошкон жубайы керексиз болуп калат. Бул аялдар үчүн өтө чоң сокку”,-дейт Б.Рыскулова.
Сойкулук көйгөйү кантип чечилет?
Ал эми көп аялдуулукту мыйзамдаштырууну демилгелеп чыккандардын пикиринде, эгерде аталган демилге ишке аша турган болсо бул коомдогу сойкулук көйгөйүн чечмек. Бирок мындай пикирге Б.Рыскулова кошулбай тургандыгын белгилейт. “Дин ишмерлери көп аял алуу сойкулук көйгөйүн чечет деген ойлоруна макул эмесмин. Эч бир эркектин сойкулук менен алектенип жүргөн кызды алгандыгын уккан эмесмин. Экинчи-үчүнчү аялдыкка татынакай эле кыз-келиндерди алып жатышат. Бир жолу бир дин ишмери менен талкуу учурунда сиз сойку болгон кызды эмне үчүн, экинчи-үчүнчү аялды албайсыз десем, “Сиз бузулган машинаны алат белеңиз?”, -деп кайра өзүмө суроо узатты. Адамды машинага теңебеш керек, ал тирүү жан. Сойкулукту башка жолдор менен чечүүгө аракеттенүү керек. Мисалы, жума намаздарга барганда эркектерге андай кыздарга барбагыла деген үгүт иштерин жүргүзүү керек. Себеби, суроо-талап болбосо, андай сойкулар дагы болмок эмес. Сойкулукка оор тагдырга туш болгон, зордукталгандар же башынан тарбиясы тайкы болуп жаңылып калган жеңил ойлуу кыздар барышат. Айрымдары муну акча табуунун оңой жолу деп эсептешет. Айтор себептери толтура”,-деп жыйынтыктайт өз сөзүн кризистик борбордун жетекчиси.
Аталган демилге боюнча “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук уюму 2017-жылдын 5-июлунан 12-июлуна чейин жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, өлкөнүн калкынын көп бөлүгү, тактап айтканда – 67,5%ы көп аял алууга мыйзамдуу түрдө уруксат берүү идеясын колдобойт. Калктын 21,7%ы гана ушул демилгени жактай тургандыгын белгилешкен.
Ошол эле учурда көп аялдуулук идеясын колдогондордун арасында дагы респонденттердин үч бөлүгү алардын кызын, эже-карындашын же өзүнүн (эгерде респондент аял болсо) экинчи же үчүнчү аял болуусуна каршы экендиктерин билдиришти.
Дагы бир маанилүү факты суралгандардын арасында көп күйөөлүү болуу идеясын колдогондор дагы чыккан. Полиандрияны колдогон эркектер аялдарга караганда басымдуу экендиги белгилүү болду.
Коалиция тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо эки же андан көп аял алуу боюнча кылмыш жаза каралгандыгы боюнча калктын маалыматтуулук даражасын аныктоо аракети жасалган. Социологиялык сурамжылоо жазалоо чаралары тууралуу респонденттердин 15,9%ы гана биле тургандыгын аныктады.
Эки аял алган эркек адилеттүү болууга тийиш
Дин ишмерлери Чубак Ажы Жалилов, Өзүбек Ажы Чотонов катышкан талкууда сойкулук, жалгыз бой, жакыр жашаган аялдардын маселелери көп аял алууга уруксат берүү менен чечилери айтылган. Чубак ажы Жалиловдун айтымында, эки же андан көп аял алуу бул өтө сооптуу дагы, ары жооптуу дагы маселе. Анткени күйөө бардык аялдарына бирдей мамиле жасап, аларды бирдей деңгээлде камсыздап адилеттүү болууга тийиш. Шариат талаптары боюнча бул маселеде акыретте сурак катуу болот. Андыктан буга дагы олуттуу мамиле талап кылынат. Эркектер экинчи же үчүнчүсүн алууда жаштарга эмес, жесир, жалгыз бой, жакыр аялдарды алышса алда канча сооптуу иш болмок. Чубак ажы Жалилов ушул маселе боюнча: “Эркектер канча аялы болбосун баарын бирдей тамак-аш, жатакана, кийим-кече, окуган болсо окуусу менен камсыз кылууга милдеттүү. Андан сырткары моралдык жактан жардам берип, аялдардын муктаждыгын канааттандырууга милдеттүү. Анан биздин эркектер бирөөсүн эптеп бага албай, намаз окубай, орозо кармабай жатып эле экинчисин алам дейт. Материалдык жана моралдык жактан баарын бирдей камсыздай албаган эркек күнөөкөр болот. Негизи, экинчи аял алуу коомдогу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Бир аял балдары менен жесир калып, аларды бага турган адам жок калганда аны камсыздоо максатында аялдыкка алса болот. Жөн эле жардам берсе эмне үчүн жесирге келип жатат деп айтышат. Ошондуктан никелеп алып, анын балдарына тарбия берсе сөз болбойт. Пайгамбарыбыздын аялы Айша энекебиз гана мурда күйөөгө чыккан эмес. Калгандары баары жесир калган кемпирлер болгон. Пайгамбарыбыз аларды камсыздоо максатында алган. Бизде болсо 18 жаштагы кыздарды алып алышат. Бул туура эмес. Алардын күйөөгө чыгууга жесирлерге караганда мүмкүнчүлүгү көп”,-деген пикирин айтты.
Дин ишмерлеринин көтөргөн демилгеси укук коргоочу, активисттердин кескин сынына кабылды. Укук коргоочу, психологдор көп аялдуулук маселеси менен өлкөдөгү кризистик борборлорго кайрылган кыз-келиндердин көп экенин айтып келишет. Көп аял алуу демилгесин Кыргызстанда алгачкы жолу 2005-жылы ошол кездеги юстиция министри Марат Кайыпов көтөрүп чыккан. Анда бул демилге коомчулуктун кескин каршылыгына кабылып, аны ойноштукту мыйзамдаштыруу аракети деп айыптап чыгышкан эле.
автор: Аймира Мендеева
Ссылка: https://barometr.kg/content5179
Добавить комментарий ×