Жаштарды экстремизмге үндөп жүргөн эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды

14 августа 2017 16:09 492 Barometr
Поделиться в:
ok

 Жаштарды экстремизмге үндөп жүргөн эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, экстремизмге шектелген Х.М.аттуу кыргыз жараны 9-августта кармалган. Ал бир катар кылмыштарга шектелип, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

«Кармалган Х.М. чет өлкөлүк экстремисттик топтордун тапшырмаларын аткаруу менен жаштар арасында үгүт иштерин жүргүзүп, радикалдуу идеология жайылткан. Ал жашыруун ячейка түзүп баштаган. Учурда шектүү экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар экенин мойнуна алып, козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын убактылуу жайына киргизилди. Ошондой эле иликтөө иштери жүрүүдө»,- деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content5176



Добавить комментарий