Онкология борбору 3 миллион сомдук медициналык каражат сатып алганын маалымдады

16 января 2017 13:52 522 Barometr
Поделиться в:
ok

Онкология борборунун  директорунун милдетин аткаруучу Дамир Абдылдаев бул кубанычтуу кабарды журналистттер менен тең бөлүшкөн. Медициналык жана  хирургиялык  каражаттарды жалпысынан борбор 3 миллион сомго өз каражатына сатып алган.  3 миллион сомго аба тазалоочу жабдык, тонометр өңдүү жабдыктар 665 миң 500 сомго алынса, 580 миң сомго хирургиялык жабдык сатып алынган. Ошондой эле гемотологиялык анализатор, биохимиялык анализатор өңдүү жабдыктар 1 млн 69 миң сомго алынган.  Мындан тышкары лабораториялык эмерек жана электрокардиограф менен камсыздалган. Мындай жабдык аталган борбор түзүлгөндөн бери биринчи жолу болуп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content516



Добавить комментарий