Мадумаров, Ташиев, Келдибеков, Төрөбаев жана Сатыбалдиевдердин чапан кийген сүрөттөрү талкууга түштү
Поделиться в:
Социалдык түйүндөрдө президентикке талапкерлер Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Бакыт Төрөбаев жана мурдагы башкы прокурор Эльмурза Сатыбалдиевдин биргелешип түшкөн сүрөттөрүн талкуулап жатышат.
Саясатчылар улуттук кийим менен, баары тең ак калпак жана чапан кийип сүрөткө түшкөн, аларды болжолу Баткен областында болгон жолугушууда шайлоочулары белек кылышса керек.
Пайдалануучулар баары бирдей кийинген саясатчылар кызыктай көрүнөт экен деп тамашалап жатышат.
Кээ бирөө мындай фото байманаптыктын белгиси деп да сыпаттап жиберишти.
Эскерте кетсек, 7-августта президенттикке талапкер болгон төрт саясатчы бириккен.
Ссылка: https://barometr.kg/content5158
Добавить комментарий ×