Үнү Ташиев менен Бекназаровдукуна окшогон адамдардын сүйлөшкөнү жарыяланды. Бири Кудайды карабай калп айтканын айтты

14 августа 2017 11:03 1592 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөрдө үндөрү Камчыбек Ташиев менен Азимбек Бекназаровдукуна окшогон адамдардын аудио жазуусу жарыяланды.

 Бекназаровдун үнүнө окшогон киши “MegaCom”дун иши боюнча сотто жалган күбөлүк бергенин мойнуна алып жатат.

“Алымдын келишинче калп айттым, баарын өзүмө алдым, мен башкы прокурор болуп турганда “MegaCom”го байланыштуу маселени өзүм чечкем деп айттым”,-дейт аудиожазууда Бекназаровдун үнүнө окшогон адам. Ал “калп айтып алып Кудайдан кечирим сурадым” деп кошумчалайт.

 Ташиевдин үнүнө окшогон киши маектешин колдоп “Кудай дайыма колдойт, бул адамдын түрмөдөн куткарыш үчүн жасалып жатпайбы”,-дейт.

Эки эркектин үнү алар кафеде тамактанып жатканда жазылган болушу ыктымал.

Эскерте кетсек, MegaComдун иши боюнча Бекназаров 19-июлда көрсөтмө берген.

Социалдык түйүдөрдөгүлөр бул жазууну саясатчылардын жеке жашоосуна киришкендик катары сыпатташууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5157



Добавить комментарий