Казакстан полициясы кыргыз-казак чек арасына жакын жердеги атышууну иликтөөдө

14 августа 2017 09:43 540 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстан полициясы Жабыл облусунун кыргыз-казак чек арасына жакын аймагындагы атышуудан каза болгон адамдын туугандарын суракка алууда. Бул тууралуу Tengrinews агенттиги Жамбыл облустук ички иштер департаментинин басма сөз кызматына шилтеме кылып билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Маалыматка караганда, кечээ болжол менен саат 20:00дө казак чек арачылары өлкөнүн чек арасын бузган делген адамдарга карата ок чыгарышкан. 15ке жакын адамдан турган топ чек арачыларга баш ийбей, аларга каршылык көрсөтүшкөн. Ок атуунун жыйынтыгында кол салгандардын бири оор жараат алып, кийин каза болгон. Калганы жакын жайгашкан калктуу конушка кирип жашырынып калышкан.

Мерт болгон адамдын облустагы Жасоркен айылынын тургуну экени кабарланууда. Ал Казакстандын жараны болгон. Атышууга катышкан башка адамдардын жарандыгы тууралуу азырынча маалыматтар жок.

Расмий мекемелердин билдиргени боюнча, алар чек арачыларга таштарды ыргытып, колго тийген нерселер менен ургулап баштаган. Андан соң чек арачылар алгач эскертүү иретинде, кийин ал адамдардын өзүлөрүн көздөй атышкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/content5147



Добавить комментарий