Гүлнара Каримова Щвейцарияда суракка алынды

16 января 2017 11:23 428 Barometr
Поделиться в:
ok

  Өзбекстандын маркум президенти  Ислам Каримовдун кызы, дүйнөгө таанымал адамдардын бири болгон Гүлнара Каримованы  атасы  2014-жылы  үй камагына алып, баардык байлыктарын мамлекетке кайтарып,  өзүн эч бир ММКга чыгаргыс кылып салган.  Ошол эле жылы Швейцария коррупция жана акчанын изин жашыруу айыптары боюнча ага каршы кылмыш иши козголгонун билдирген маалыматта тараган болчу. Каримованын Өзбекстандагы келишимдер үчүн пара берүүгө айыпталып жаткан бир канча компанияга байланышы бар экени да айтылып келет. Тергөөнүн алкагында Швейцария бийлиги анын 650 миллион евро өлчөмүндөгү каражатынын кайдан келгенин тактоо үчүн банктагы эсебин тоңдурган. WSJ белгилегендей, бул Каримова өзбек бийлиги тарабынан кармалгандан берки ал тууралуу алгачкы ишенимдүү маалымат. Ал кечээ Щвейцарияда кармалып, алгачкы жолу коомчулуктун көзүнө көрүндү.  Бирок ал тартипке ылайык балдарына жолукканга тыю салынган. 

Ссылка: https://barometr.kg/content513



Добавить комментарий