Трамп АКШ дипломаттарынын санын кыскарткандыгы үчүн Путинге ыраазычылык билдирди

12 август 2017 10:46 493 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү кызматкерлердин санын кыскартуу чечими үчүн орус президенти Владимир Путинге ыраазычылык билдирди. Трамптын айтымында, кызматкерлерди азайтуу менен Путин чыгымдарды кескин кыскартууга шарт түзүүдө.

Бул Кремлдин АКШга контрсанкцияларды киргизүү чечими боюнча Трамптын алгачкы билдирүүсү болду.

АКШ президенти мындай пикирин былтыркы шайлоо өнөктүгү маалында Орусия менен Трамптын штабынын ыктымал байланыштары иликтенип жаткан маалда айтты. Ал буга чейин штабынын мурдагы башчысынын үйүндө ФБРдин тинтүү жүргүзгөнүнө таң калуусун билдирген.

Президент менен маектешкен журналисттер Путиндин дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөгү кызматкерлерди кыскартуу чечими мамлекеттик каражатты үнөмдөөгө жардам берери боюнча Трамптын тамашалаганы же чынын айтканы түшүнүксүз болуп калганын айтышты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5113



Добавить комментарий