Учактагы кырсыктан 32 адам каза тапты

16 января 2017 10:16 514 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Бишкек Гонконг каттамы менен  келе жаткан жүк ташуучу  учак   Манас аба майданына жетпей Сокулук районунун  Дача-Суу айылында кулап түшүп өрттөнүп кеткен.  Тез жардам кызматынын билдиргенине караганда  Кырсык болгон жерден 15 адамдын сөөгү табылды. Дагы 7 адам жаракат алып, алар ооруканага биздин кызматкерлер тарабынан жеткирилүүдө.  Маалыматка ылайык, кырсыктан 9 чоң адам, 6 кичинекей бала каза болгон. Кырсык болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абулгазиев барды. Учурда "Тез жардам" жана Өрт өчүрүү кызматы иштеп жатат. Кырсыктын себептери такталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктөрдү өлүкканага жеткирип,  таануу иштерин жүргүзүүдө

        

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content511



Добавить комментарий