Алматыда учак кыйрап, эки киши курман болду
Поделиться в:
Алматыдан анча алыс эмес жерде окуу тапшырмаларын аткарып жүргөн учак кыйрап, эки киши мерт кетти.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Жарандык авиация комитетинин маалыматына караганда, Жарандык Академия авиациясына таандык Tecnam 2002 учагы 10-август күнү эртең менен Азем аэродромунан эки чакырым алыс аралыкта кулаган. Бир моторлуу, эки орунду жапыс учуучу учак окуу-машыгуу тапшырмаларын аткарып жүргөн. Комитет курсант менен инструктор-учкуч курман болгонун тастыктады. Иликтөө иштери башталды.
Азем аэродрому Алматыдан 43 чакырым аралыкта жайгашкан. Учурда Академия акционердик коом макамына ээ, акцияларынын 89 пайызы мамлекетке тиешелүү.
Ссылка: https://barometr.kg/content5073
Добавить комментарий ×