Подмосковьеде кыргызстандык аялга күч колдонуп, үч апта туткунга кармашкан

10 августа 2017 15:30 355 Barometr
Поделиться в:
ok

Москва областынын Раменский шаары боюнча тергөө бөлүмү “Эки адамга карата курал колдонуу менен адамдардын эркиндигин мыйзамсыз чектөө” жана “Өзгөчө ири суммада мүлк алыш үчүн опуза кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин иликтөөдө. Бул тууралуу  РФнын Москва областы боюнча Тергөө комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой Ленин районунун эки тургуну - 47 жаштагы атасы жана анын 27 жаштагы уулу 2017-жылдын 3-майынан 2-июнуна чейин Раменский районунун Быково кыштагынын 92 жаштагы тургуну менен кыргызстандык 45 жаштагы аялды кармап алышып күч колдонуп, аларга курал көрсөтүп өлтүрөбүз деп коркутушкан. Алар Москвалык аялды Каширский шоссесинде жайгашкан квартирасына ишеним кат жазып бер деп кыйнашкан.

Учурда ата-бала камакка алынды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5047



Добавить комментарий