Ренат Самудиновду КСДП партиясынан чыгарышты
КСДПнын саясий кеңеши саясий биримдиктин курамынан жаштар канатынын мүчөсү Ренат Самудиновду чыгарышты. Бул тууралуу социалдык түйүндөргө ал өзү кабарлады.
Мындай чечим кечээ Самудинов катышпаган жыйында кабыл алынган..
КСДП берген маалыматка таянсак, Самудинов партиянын уставын жана партиянын тартибин бузган үчүн четтетилген.
Эскерте кетсек, Самудинов партиянын айрым мүчөлөрүн кескин сынга алган жана партиянын президентикке жылдырчу талапкерге добуш берүү боюнча позициясына макулдук берген эмес. Буга байланыштуу аны ал тургай партиянын курултайына киргизишкен эмес. Ошондой эле буга чейин КТРКнын журналистти, Самудиновдун жубайы Эльнура Молдокадырова жолдошунун мындай позициясы үчүн жумушунан кеткенин соцтүйүндөргө маалымдаган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/content5032
Добавить комментарий ×