Сооронбай Жээнбеков Стамбулда кыргызстандык мигранттар менен жолугушту

9 августа 2017 16:18 525 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Түркияга жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Стамбул шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.Сүйлөшүүлөргө Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов, Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков жана Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева катышты.

Жолугушууда мекендештер мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланышкан көйгөйлөрдү, анын ичинде биздин өлкөнүн Стамбулдагы Башкы консулдугунун Кыргызстандын жарандарына түрдүү документтерди берүүдөгү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле алар билим берүү, жаш адистерге колдоо, Түркияга дарыланууга келген кыргызстандыктарга көмөк көрсөтүү боюнча суроолорго жоопторду алышты.

Мигранттар менен жолугушкан Жээнбеков өкмөттүн Кыргызстандын экономикасында жүргүзгөн саясаты тууралуу тууралуу айтып, негизги басым экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө жана колдоого жасалып жатканын белгиледи.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5011



Добавить комментарий