«Airbus» А321 учагы Ирандын аба майданында конду
«Fars» агенттигинин билдиргенине караганда «AIRBUS» менен “IranAir» авиакомпаниясы түзгөн 100 учак сатып алуу боюнча келишимдин негизинде 11-январда биринчи «Airbus» 321 моделиндеги учак Франциянын Тулуза шаарынан Тегеранга жеткирилди. Учак реестрине киргизилип EP-IFA борт номери берилди. «AIRBUS” компаниясынын башчысы Фабрис Брежье билдиргендей, бул келишим авиация тармагынын тарыхындагы эң ири келишимдердин бири болду. Ал ошондой эле, бул учактарды жеткирүү менен Ирандын экономикасынын өнүгүүсү тездетилээрине үмүт артаарын билдирди. «IranAir» авиакомпаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, кийинки учактар акырындык менен Иранга жеткирилет деп Фабрис Брежье кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content501
Добавить комментарий ×