Өспүрүмдү башка документ менен өлкөдөн алып чыкмакчы болгон аял кармалды
8-августта “Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө пунктунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын тилкесинде 7 жашар баланы Кыргызстандан башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен алып чыгып кетүүгө аракет кылган Кыргызстандык аял кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 9-августа Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
“1987-жылы туулган Э.Э. аттуу кыргыз жаранынын документтерин текшергенде, ал чек арачыларга Россия Федерациясы тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөткөн. Ошондой эле балага берилген суроолордун жооптору күбөлүктөгү маалыматтар менен дал келбей калган”,- деп айтылат билдирүүдө.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү документтер түзүлгөн соң, кармалган аял ИИМ аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content4995
Добавить комментарий ×